Штефан Таркович: "Бул команда 2-3 жылдан кийин ийгиликке жетет"

Кечээ, 25-январда Доха шаарында "Ак Шумкарлар" менен Омандын курама командасы беттешти. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, биздин курама команда Азия Кубогунан четтеп калды.

Беттештен кийин Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович оюн оор болгонун белгилеп, комментарий берди.

Ал команда бул турнирдеги оюнчулардын курагы боюнча эң жаш курамалардын бири болгонун айтып, бирок курам күчтөнөт деп ишендирди.

"Бул команда 2-3 жылдан кийин эң мыкты көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетет деп ишенем", - дейт машыктыруучу.

Мындан тышкары, ал команданын Таиландга каршы оюну начар болуп калганына капаланганын айткан.

Ошондой эле, Таркович: "Келишим июнь айына чейин түзүлгөн. Мен курама менен калып, аларды дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем. Бул турнирде тайпадан чыгуу максатына жеткен жокпуз. Кантип ойногонубузду, дагы кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин салыштыруу керек", - деген.

Белгилей кетсек, бул оюн улуттук курам үчүн кийинки баскычка чыгууга акыркы мүмкүнчүлүк болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан