“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды расмий тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ЕРӨБ директору Айтен Рустамова, Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза катышты.
Ага ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган "Жашыл шаарлар 2, терезе 2" программасынын "Бишкек автобустары" долбоорунун алкагында узундугу 10,5 метр болгон 124 кысылган жаратылыш газы менен иштеген автобустар “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына тапшырылды. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.
"Бишкек автобустары" долбоору – бул жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP) GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жаңы автобустар жарандарды ыңгайлуу жана ишенимдүү ташууну камсыздайт. Ошондой эле транспорттук парктын экологиялык таасирин азайтууга жардам берет.