MBANK - ELQR-төлөм жүргүзүү боюнча лидер аталды

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, MBANK’ка «ELQR активдүү колдонуучулардын саны боюнча жылдын өнөктөшү» ардактуу наамын ыйгарды.

Бул сыйлык MBANK’тын QR-төлөмдөр боюнча алдыда экендигин ырастап, башка мобилдик банкинг жана электрондук капчыктарга караганда QR-код менен көбүрөөк төлөм жүргүзүлөрүн көрсөтүп турат.

ELQR - Кыргызстандын Улуттук банкынын демилгеси менен иштелип чыгып, «MПЦ» ЖАК тарабынан ишке ашырылган бирдиктүү улуттук QR-код стандарты.

MBANK өлкөнүн коммерциялык банктарынын ичинен биринчилерден болуп QR-төлөм системасын ишке киргизип, сатып алуулар жана онлайн төлөмдөр үчүн кешбэк алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн.

Анын алкагында банк кардарларына сатып алуулары үчүн Кыргызстандын өнөктөштүк тутумунда 50% кирешелүү кешбэк берет.

«Биз Кыргызстандын санариптик төлөм экосистемасынын өнүгүүсүнө жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз.

Биздин кардарлар QR-код аркылуу төлөөнүн ыңгайлуулугун жогору баалашты жана бул төлөм ыкмасын активдүү колдонуп жатышат. Биз ыңгайлуу жана эффективдүү төлөм инструменттерин киргизүүнү улантабыз жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз», - дейт MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев.

QR-төлөмдөрү Кыргызстандын каржылык инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, мобилдик тиркемелер жана түзмөктөр аркылуу транзакцияларды жүргүзүү үчүн эффективдүү жана коопсуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан