"Керемет Банк" ААК "Акниет" балдар борборуна эмеректерди жана канцтоварларды жеткирип берди

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу «Акниет» борборундагы турмуш шарты оор балдарга эмеректерди, канцеляриялык товарларды жана банктын кызматкерлери тарабынан чогултулган кийим кечелерди жеткирип берүү менен 2024-жылды кайрымдуулук иштер менен баштады.

Аталган борбор ата-эненин кароосунан ажырап калган балдарга социалдык, медициналык жана психологиялык-педагогикалык кызматтарды көрсөтөт. Борбордун администрациясы мурда колдонулган эмеректер менен килемдерди берүү өтүнүчү менен банкка кайрылуу жолдогон.

Каржы уюму өзүнүн бүтүндөй ишмердүүлүк жолунда социалдык жоопкерчилик принцибин карманып келгендиктен бул жолу аталган социалдык мекемеге «Керемет Банк» - «Бишкек» ААК филиалынын эмерегин: 27 стул, кийим кече салуу үчүн 3 шкаф; китеп салуу үчүн 7 шкаф, идиш-аяк салуу үчүн 1 шкаф; ар кыл мүнөздөгү отурумдар үчүн бир чоң жаңы стол менен бирге 13 стол, 4 тумба жеткирип берди.

Мындан сырткары, «Керемет Банк» тарбиялануучулар үчүн «Акниет» балдар борборуна ар кыл канцеляриялык товарларды – окуучулук дептерлерди, калем саптарды, жөнөкөй жана түстүү карандаштарды, сүрөт тартуу үчүн кистилерди, акварельдик боёкторду, сызгычтарды, альбомдорду ж.б.у.с. буюм-тайымдарды, ошондой эле банк кызматкерлери тарабынан чогултулган балдар буюмдардын жеткирип берди. Жакынкы күндөрү каржы уюму аталган социалдык мекемеге килем жөнөтөт.

2024-жылдын 26-январында болуп өткөн буюм-тайымдарды өткөрүп берүү менен байланышкан бул салтанатка Банк башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Руслан Султанов, «Акниет» балдар борборунун директору Мукарам Атамырзаева жана эки мекеменин кызматкерлери, кичине балдар катышты.

Мукарам Атамырзаева бул жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мекеме түптөлгөн күндөн бери биринчи болуп мына ушундай чоң өлчөмдө эмеректерге ээ болуп отурганын баса белгиледи. М. Атамырзаеванын айтуусу боюнча бүгүнкү күнү «Акниетте» ар кандай себептер менен ата-эненин камкордугунан ажыраган 3 жаштан 18 жашка чейинки элүүгө жакын бала бар. Тарбиялануучулар коттедждерде жашашат; өз кезегинде алар менен социалдык кызматкерлер, психологдор, медициналык кызматкерлер иш алып барышат. Бүгүн тарбиялануучулардын бойго жеткендери тигүүчүлүк ишти өздөштүрүп жатышса, жашы кичүүлөр мектепке барышат.

КРУБдун № 049 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан