MBANK мобилдик тиркемесинде мамлекеттик кадастр кызматтары үчүн акысыз төлөм

МBANК Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге кардарларга MBANK тиркемеси аркылуу Мамлекеттик агенттиктин (кадастр) мамлекеттик кызматтары үчүн тез жана кошумча чыгымдарсыз төлөөгө мүмкүндүк берген жаңы кызматты сунуштайт.

«Бул убакытты жана акчаны үнөмдөөгө гана эмес, ошондой эле төлөм процессинин ыңгайлуулугун, ылдамдыгын жана оңойлугун камсыздайт жана эң негизгиси Мамлекеттик агенттиктин филиалдарына баруу зарылдыгынан бошотот», - дейт Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев.

МBАNК’та мамлекеттик кызматтарды комиссиясыз төлөңүз

● Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо;

● Кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды берүү;

● Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү;

● Жер иштерин каттоо жана жер участокторуна укук белгилөөчү документтерди берүү жана башка мамлекеттик кызматтар.

МBАNК’та кызматтар үчүн кантип төлөө керек?

1. MBANK’ты ачыңыз жана «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз

2. «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүн тандап - «Кадастр» тандаңыз.

Же жөн гана «Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин» филиалдарынан компаниянын QR-кодун сканерлеңиз! Сиз ошондой эле 100дөн ашык башка мамлекеттик кызматтарды МBАNК тиркемеси аркылуу төлөй аласыз. MBANK тиркемесин орнотуп, мамлекеттик кызматтар үчүн төлөөнүн оңойлугуна жана ыңгайлуулугуна ээ болуңуз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан