Elite House турак жайын тандоонун 10 себеби

Сүйүктүү үйүң – бул жөн гана чарчы метр эмес, бизге ыңгайлуулук, гармония жана бейпилдик сезимин жаратуучу жай. Ошондуктан, турак-жайды тандоодо, алардын артыкчылыктарын так аныктап, аң-сезим менен мамиле кылуу керек. Эгерде сиз заманбап салынган үйдөн ыңгайлуу батирди кыялдансаңыз, анда Elite House компаниясы сизге керектүү батирди сунуштоого даяр. Он жылдык тажрыйбасы бар куруучунун пайдасындагы он аргументти сунуштайбыз.

Elite House - бул туруктуу

Компания 2013-жылы түзүлгөн. 10 жыл ичинде ал өзүн Кыргызстандын курулуш тармагынын алдынкы лидерлеринин бири катары көрсөттү. Эң биринчи объекти болгон "Ала-Тоо" турак жай комплексин курулгандан тартып, Elite House турак жай же коммерциялык кыймылсыз мүлктү курса дагы бекем принциптерди жана жогорку стандарттарды сактайт.

Elite House – бул ишенимдүү

10 жылдын ичинде компания Бишкекте жалпы аянты 150 000 м2 ашкан ондон ашык объект курду. 3500дөн ашуун үй-бүлө Elite House заманбап турак жай комплексинен өз үйүнө ээ болду. Дагы 250 000 м2 кыймылсыз мүлктү түзгөн жаңы объектилердин курулушу активдүү жүрүп жатат. Компания өз милдеттенмелерин бекем аткарып, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин сөз менен эмес, иш менен тастыктай алды.

Elite House – бул заманбап

Батир ээлери даяр батирлеринин ачкычтарын тезирээк алышы үчүн, курулуш токтобостон жана создуктурулбастан жүрүп жатат. Туура уюштурулган иш процесси ар кандай аба-ырайында, дем алыш жана майрам күндөрү да иштөөгө мүмкүндүк берет, ал эми жаңы технологияларды колдонуу жана өз ишинин тажрыйбалуу чеберлерин тартуу курулуштун мөөнөтүн кыйла кыскартат.

Elite House – бул сапаттуу

Компания курулуш эрежелерин так сактоо менен ишенимдүү жана туруктуу имараттарды курат. Объекттер сейсмикалык туруктуулуктун эң жогорку стандарттарына жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берет. Үйүңүз сиздин бекем чебиңиз болгондой, курулуш процессинде жогорку сапаттагы материалдар жана алдыңкы методдор колдонулат. Компаниянын жетекчилиги жума сайын курулуп жаткан объектилерге барып, иштин жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөйт.

Elite House – бул коопсуз

Турак жай комплекстеринде заманбап видеобайкоо жана кирүүнү көзөмөлдөө системалары орнотулган. Имараттын аймагы күнү-түнү коргоого алынат. Мындай иш-чаралар аркылуу жашоочулар өздөрү жана алардын жакындары үчүн, ошондой эле алардын мүлкүнүн коопсуздугу үчүн кабатыр болушпайт.

Elite House – бул стилдүү

Компания деталдарга өзгөчө көңүл бурат. Имараттар энергиялык натыйжалуулук менен курулуп, жашоочулар жылдын каалаган убагында ыңгайлуу жашашат. Мейкиндиктин макети майда-чүйдөсүнө чейин пландалган. Көрктөндүрүлгөн короодо балдардын коопсуз аянтчалары жана спорт менен машыгуу үчүн зоналар каралган. Ал эми кечкисин турак жай комплекстеринин эстетикалык көрүнүшү сапаттуу тышкы жарык берүү системасы менен толукталат.

Elite House – бул ар түрдүү

Борбордун чок ортосунда активдүү жашоо жакшыбы же шаардын түштүк бөлүгүндө жаратылыш менен айкалышта жашообу? Elite House турак жай комплекстери ар кайсы райондордо жайгашкан жана алардын ар биринин артыкчылыктары бар. Жаркыраган шаардын кооздугу, айланада жайгашкан соода борборлору, жакын жердеги жашылданган эс алуу жайлары же тоолордун кооз көрүнүшү – өзүңүзгө жаккан жайды тандаңыз.

Elite House – бул пайдалуу

Компания ыңгайлуу, кооз, эң башкысы жеткиликтүү турак жайды куруп жатат. Сиз турак жайды эч кандай ортомчусуз, түздөн-түз куруучудан сатып аласыз. Мындан тышкары, компаниянын жаңылыктарына көз салып турсаңыз, пайдалуу сунуштарын пайдаланып, эксклюзивдүү акцияларына катышууга үлгүрсөңүз болот.

Elite House – бул ыңгайлуу

Батирди толугу менен, накталай же накталай эмес эсептешүү менен төлөө мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, башка жолдору дагы бар. Мисалы, пайызсыз бөлүп төлөө каралган. Автоунааларга, экинчи турак жайларга же жер участокторуна алмашуу сыяктуу бартердик операциялар дагы каралат. Сатып алуу шарттары жеке тартипте талкууланышы мүмкүн.

Elite House – бул жөнөкөй

Турак жай сатып алуу боюнча ар дайым кесипкөй кеңеш алсаңыз болот. 0555 50 50 50 номерине чалыңыз же Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 170/1, "Ордо" бизнес-борбору, 7-кабат дареги боюнча компаниянын кеңсесине келиңиз. Elite House адистери керектүү маалыматты кубануу менен беришет, пайдалуу сунуштар тууралуу айтып беришет жана ылайыктуу вариантты тандоого жардам беришет. Кыялыңызга биринчи кадам таштаңыз!

Elite House Сиздерге кам көрүүсүнө 10 жыл!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан