"Компаньон" Банк кардарларды Бишкектин борборундагы кеӊсеге чакырат

"Компаньон" Банктын жаӊы кеӊсеси өзүнүн туруктуу жана жаӊы кардарлары үчүн эшигин ачты. Кеӊсе Бишкектин так борборунда, Абдрахманов көч. 170/1 дарегиндеги “Ордо” бизнес борборунда жайгашкан. Анын ачылышы аземи 2024-жылдын 31-январында болуп өттү.

Ачылыш салтанатка кардарлар жана өнөктөштөр, ошондой эле банктын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Банк бардык конокторду белектер жана көӊүл ачуу программасы менен кубантты. “Бул кеӊсенин ачылышы бизге жана биздин кардарларга маанилүү окуя болуп саналат. Биз аларга финансы операцияларды жүргүзгөн гана жер эмес, нукура жайлуулук жана ыӊгайлуулук түзүүгө умтулабыз”, - деп Компаньон Банк Башкармасынын мүчөсү Наталия Фефилова белгиледи.

"Компаньон" Банктын Борбордук филиалынын директору Марат Тайжанов айтып бергендей, кеӊсенин жаӊы заманбап интерьеринде кардарлардын жайлуулугу жана кызматкерлердин жумуш иштеши үчүн бардык ыӊгайлуу шарттар эске алынган. Аянты 500 чарчы метрди түзгөн кеӊседе көп сандаган адамдарды ыкчам тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кардарларга финансылык маселелерди ишке ашыруу, ошондой эле кредиттер, депозиттер, эсептешүү эсебин ачуу, акча которуу, валюта алмаштыруу сыяктуу бизнес милдеттерди чечүү үчүн бардык банк кызматтары, мындан тышкары, банктын аралыктан кызмат көрсөтүүсү боюнча консультациялар жеткиликтүү.

“Компаньон" Банктын кардарлардын жайлуулугун ойлогону абдан кубандырат. Мага жаӊы офис абдан жакты! Мен бул банк менен көп жылдан бери иштешип келем жана финансылык маселелеримди чечүү мурдагыдан дагы жагымдуу болуп калды”, - деп пикирин билдирди банктын кардары Джодотбек Мураталиев.

"Компаньон" Банктын филиалдары – өлкөдөгү эӊ кеӊири тармактардын бири. Анын 100 ашык кеӊселери өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан, ал эми 430 000 ашык кардардар банк менен кызматташат жана ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан