Кешбэги жана акысыз тейлөөсү бар Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасы

"О!Деньги" сервиси кешбэги бар акысыз Visa Gold виртуалдык картасын чыгарып баштады. Карта менен болгон ар бир сатып алуудан, сервис сумманын 1%ын кардарларына кайтарып берет.

Картанын балансы – бул капчыктын балансы, аны өлкөдөгү терминалдардын көбүнөн жана банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.

Visa «О!Деньги» картасы менен интернеттеги каалаган сатып алууларды төлөсө болот: сүйүктүү сервистерге жазылуу, онлайн-дүкөндөрдөгү сатып алуулар, тамак-аш жеткирүү, оюндар жана көптөгөн башка сатып алуулар.

Мындан тышкары, Android-смартфондордун колдонуучулары картаны Google Pay’ге байлап алып, сатып алууларды дароо смартфон менен төлөй алышат.

Картаны Google Pay’ге кантип кошуу керек – видеосерепти көрүңүз.

Visa Gold «О!Деньги» дагы эмнеси менен ыңгайлуу:

• банкка барбастан заматта акысыз чыгаруу;

• 3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр;

• картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу;

Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдоо;

POS-терминалдардан смартфон же саат менен контактсыз төлөө;

• бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатуу.

Картаны кантип акысыз ачса болот:

1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой Отиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2. «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa — виртуалдык карта» салмасын тандаңыз.

3. «Картаны ачуу» баскычын басыңыз.

Карта төлөм жүргүзүү үчүн дароо даяр!

Кешбэкти чегерүүнүн толук шарттары dengi.kg сайтында.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан