Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, ЖЭБдеги жарылуудан улам Бишкектеги Тез жардам борборуна 5 адам түшкөн. Азыркы учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Белгиленгендей, жабыркагандар ооруканага түшкөндөн баштап министр Алымкадыр Бейшеналиев жеринде болууда.
Эскерте кетсек, 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.