"Керемет Банк" 2023-жылы: киреше 2,6 эсе көбөйгөн

«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун каржылык көрсөткүчтөрү акыркы жылдары туруктуу өсүп жаткандыгын байкоого болот: эгерде 2021-жылы киреше 22,6 млн. сомду түзсө, 2022-жылы ал – 359 млн. сомду, ал эми 2023-жылы – 958,7 млн. сомду түзгөн. Бул жана башка жетишкендер менен банктын басма-сөз кызматы бөлүшөт.

"Экономиканы өнүктүрүү үчүн институт"

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сатып алуусу жөнүндө» КР мыйзам долбоору 2024-жылдын 31-январында КР Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окуудан кийин жактырылды.

Документ Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген. Документте Кабмин «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка тиешелүү акцияларын (97,45%) акча каражаттарын каржы регуляторунун эсебине түз которуу жолу менен фонддук биржадан сырткары сатып алууну көздөөрү айтылган.

Белгилей кетчү нерсе, аталган мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта банктын 2023-жылдын 31-июлундагы каржылык көрсөткүчтөрү көрсөтүлгөн. Мисалы, 2021-жылдын 31-декабрына карата таза киреше 22,6 млн. сомду, 2022-жылдын 31-декабрына карата – 359,3 млн. сомду түзөөрү жазылган. 2021-жылдын 31-декабрына карата топтолгон чыгаша (өткөн жылдардын чыгашалары) 2,27 млрд. сомду, ал эми 2022-жылдын 31-декабрына карата – 1,9 млрд. түзгөн.

Ошол эле учурда 2023-жылдын 31-декабрына карата таза киреше 958,75 миллион сомго барабар болуп, топтолгон чыгым өткөн жылдарга салыштырмалуу азайып 955,48 миллион сомду түзгөн. Ошентип, алынган киреше чыгымдардан алда канча көп болгон.

Министрлер Кабинетинин ою боюнча банктын акцияларын сатып алуу аларга активди алып келип, экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруу жана артыкчылыктуу секторлорду каржылоо үчүн кошумча институт ачып берет. Негиздеме-маалымкатта банк акыркы жылдары кирешелүү боло баштап, банктык мыйзамдарда каралган бардык экономикалык ченемдерди аткаруу менен өз ишин штаттык режимде жүргүзүп келе жаткандыгы, банктык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтөөрү жана кеңири регионалдык тармакка, өнүккөн инфраструктуралык банктык жабдууларга ээ экендиги, улуттук «Элкарт» төлөм системаларынын катышуусу болуп саналары айтылат.

Каржылык көрсөткүчтөр

(миң сом)

31.12. 2023-жылга (кошо алганда):

31.12. 2022-жылга кошо алганда (кошо алганда):

Активдер

14,385,954

13,141,234

Милдеттемелер

6,492,633

6,298,286

Капитал

- анын ичинде, уставдык капитал;

- топтолгон чыгаша

7,893,321

8,698,746

(955,486)

6,842,948

8,698,746

(1,916,518)

Пайыздык кирешелер

1,412,073

999,254

Таза пайыздык киреше

1,134,795

693,525

Таза киреше

958,750

359,283

Жалпы топтолгон киреше

968,741

326,333

Акцияга карата базалык киреше

11,02

4,13

Банктын каржылык отчёту менен төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири таанышууга болот https://keremetbank.kg/uploads/annual_reports/8efc4b23e702ba0c678b2c489617ec04eee73b71.pdf

Ипотекалык кредиттер

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Керемет Банк» ААК менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө курулган тогуз кабат үйдү ээлерине тапшыруу аземине катышкан.

108-сериядагы аталган ири панелдүү объект «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын жүзөгө ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын 2022-жылдын 18-февралындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, ошондой эле 2022-жылдын 30-апрелиндеги 19-04-2022-ГС «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен «Керемет Банк» ААК ортосундагы Кызматташтык жөнүндө Генералдык макулдашуунун негизинде курулган.

Банктын сыйлыктары

Мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезити банктын иш-аракеттерин «Кыргыз бренди - 2023» сыйлыгы менен белгилеген жана аталган сыйлык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тарабынан 2023-жылдын 25-августунда Бишкек шаарында тапшырылган.

Контракттарды банктык коштоо

Өткөн жылы контракттарды банктык коштоо «Керемет Банк» ААК тарабынан жүзөгө ашырылган «Чоочун киши», «Жалбыз-2», «Чыпалак бала», «Мурас» аттуу сериалдардын бет ачары болуп өткөн. Аталган көп сериялуу көркөм тасмалар «Кыргызсериал» чыгармачылык - өндүрүштүк бирикмесинин заказы боюнча жеке менчик киностудиялар тарабынан тартылган.

Контракттарды банктык коштоо (КБК) – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик зазазчылары үчүн банктык кызматтардын комплекси жана ал түзүлгөн келишимдерди аткаруу учурундагы бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого мүмкүнчүлүк түзөт. Тендерден бөлүнүп чыккан компаниянын ар бири «Керемет Банк» ААКга кайрылууга жана контракттарды аткарууда кызматтарды ала алат.

Кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

2023-жылы «Керемет Банк» ААКнын Visa карталарынын ээлери жана Android базасындагы NFC колдоосуна ээ смартфондордун колдонуучулары Google Pay кызматы аркылуу контактсыз түрдө төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Каржылык уюм «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ААКлар менен тилектештик тармагына кошулган: эми «Элкарт» картасынын ээлери бул мекемелердин банкоматтарында «Керемет Банктын» тарифтери боюнча акчаларын накталай түргө өткөрө алышат.

ESG

«Керемет Банк» «Кыргызстандын жашыл альянсы» ассоциациясына мүчөлүккө өткөн. Банкта 2023-2024-жылдарга карата «Керемет Банк» ААКны туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы, Экологиялык – социалдык -корпоративдик (ESG) программасы кабыл алынган. «Экожылуулук», «Экодрайв», «Билим – өмүр чырагы» «жашыл» каржылык өндүрүмдөрдүн концептилери бекитилген.

Ошондой эле «Керемет Банк» ESG Central Asia агенттиги тарабынан уюштурулган Green Waste Leaders – 2023 иш-чарасына катышып, WasteNet.kg уюмунун «Калдыктарды башкаруу боюнча мыкты тажрыйба» шайкештик сертификатына ээ болгон.

Демөөрчүлүк жардам жана кайрымдуулук

Банк КР Президенти Садык Жапаров катышкан 8 - 9-декабрда «Мурас» футзалы боюнча турнирдин өтүүсүнө демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Жеңиш күнүнүн алдында Банк согуштун ардагерлери менен оорукта эмгектенишкендерге азык-түлүк жагынан жардам берген.

Альпинизм жана спорттук аскага чыгуу Федерациясы тарабынан бөлүнгөн каржааттардын негизинде Кыргызстандын жаштар командасы 2023-жылдын 7-10-сентябрында Москвада (Россия Федерациясы) өткөн Аскага чыгуу боюнча ачык мелдешке катышкан.

Ошондой эле банк Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы бокс залына спорттук эмеректер түрүндө демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

КРУБ №049 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан