Акын Болот Назаров "Манас" театрына жумушка кирди

Кечээ, 7-февралда төкмө акын Болот Назаров Кыргыз улуттук "Манас" театрына жумушка кирди. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Театрдын директору Азиз Биймырза уулу төкмө акынга ийгилик каалаган.

“Алдыдагы айтыш-концерттерде Болот Назаровду театрдын өнөрпоздорунун катарынан көрө аласыздар”, - деп билдиришти театрдан.

Эскерте кетсек, буга чейин Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 2022-жылдын 9-ноябрында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган.

Былыркы жылдын 24-январында Москва райондук соту Болот Назаровдун ишин кыскартып, сот залынан бошоткон.

Ага чейин 2022-жылдын башында да кармалып, кайра коё берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан