Акылбек Жапаров “ОСТИМ” өнөр жай аймагына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу презентация берилди. Маалыматка ылайык, “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагы 5 миллион чарчы метр аянтты ээлейт. Анда 6,5 миң чакан жана орто өнөр жай ишканалары жайгашып, 65 миң адам эмгектенет. Алар коргонуу, авиация, медицина, курулуш, энергетика жана маалымат технологиялары сыяктуу 139 багытта иш алып барат.

Акылбек Жапаров Кыргызстан “ОСТИМ” өнөр жай аймагынын тажрыйбаларын алууга жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсүнө өлкөдө бардык инфраструктура даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын Чүй, Баткен облустарында бул сыяктуу экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча эки тараптуу келишимдерге да кол коюлду.

Өз кезегинде Орхан Айдын “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын ишкерлери Кыргызстандагы жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууга ар дайым кызыкдар экендигин билдирди.

Жапаров ошондой эле “ОСТИМ” кесиптик техникалык окуу жайына барды. Окуу жайдын өзгөчүлүгү студенттер окууну аяктаары менен жумуш менен камсыз болот. Анткени “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагындагы ишканаларга керектүү адистерди даярдайт.

Өкмөт башчы энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан