Жапаров Түркияда дарыланып жаткан ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган жарандарга барды (видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан ЖЭБдеги жарылуудан жана тик учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды.

"Үйдүн жалгыз баласымын. Бир кыз, бир уулум бар. Келинчегимдин да боюнда бар болчу. Үй-бүлөмдү багайын деп жанталашып эки жумушта иштечүмүн”, - деген бейтаптардын бири.

Жапаров бейтаптын үй-бүлөсүн карап турарын айтып, анын эртерээк сакайып кетишин каалаган. Ошондой эле өкмөт башчы бул бейтапкана дүйнөдөгү эл алдыңкы клиникалардын бир экенин кошумчалады.

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жана кулаган тик учактан жаракат алган төрт кыргызстандык 4-февралдан бери Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө борборунда дарыланууда.

Алар Түркияга 3-февралда президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилген.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан беш киши жаракат алган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Жапаров Түркияда дарыланып жаткан ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган жарандардан кабар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан