Бишкекте автобустун ичинен iPhone 15 Pro Max уурдалган. Ал учур видеого түшүп калды

Бишкекте автобустун ичинен уурулук кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал былтыр 31-январда белгисиз адам №42 автобуста пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 140 миң сомдук iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Окуя коомдук транспортко орнотулган видеобайкоо камерасына тартылып калган. Анда белгисиз эркек киши автобуска кирген кызга жакындап келип, пальтосунун ачык чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткенин көрүүгө болот.
Шектүү катары "Тырыш" каймана аты менен белгилүү болгон 1990-жылы туулган Ю.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Ал өзү Жалал-Абадда туулган, учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашайт. Мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жети жолу соттолгон. Мындан тышкары, ал буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча РИИБге жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
12.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан