Ошто өткөн жылдын декабрь айынан бери изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-февралда Ош ОИИБден тастыкташты.
Маалым болгондой, 8-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү Ноокат районунун Чили-Сай участогунан табылган. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындады.
Ага ылайык, 15 жаштагы уулу 8-декабрда кечке жуук үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жатканын 9-декабрда милицияга анын атасы кабарлаган.
Милициянын маалыматына караганда, психикалык жактан жабыркаган өспүрүмдүн сөөгү аңдан табылган.