Дүйнөдөгү эң ылдам жөө күлүк Келвин Киптум 24 жашында көз жумду

Кениялык марафончу, жөө күлүк Келвин Киптум 24 жашында жол кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, жол апааты кечээ, 11-февраль күнү кечинде болжолдуу саат 23:00 чамасында Кениянын батышындагы тоолуу аймакта, жөө күлүктөр машыгуучу базага жакын жерде болгон.

Келвин Киптум 14-апрелде Нидерландиянын Роттердам шаарында өтө турган марафондо мурдагы рекордун жаңылоого даярданып жаткан.

Жергиликтүү полициянын берген маалыматына караганда, Келвин машыктыруучусу Жерве Хакизимана менен бирге базага келе жатып, рулга ээ боло албай калган. Ал айдаган Toyota Premio унаасы жолдон чыгып, даракты сүзүп, анан арыкка кирип кеткен. Кырсыктан жөө күлүк да, машыктыруучусу да көз жумган. Ошондой эле үчүнчү аял жүргүнчү да болгон. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.

Жөө күлүк былтыр Лондон жана Чикаго шаарында өткөн марафондордо жеңишке жеткен. Ал Чикагодогу марафондо 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөттө басып өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон.

Быйыл Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына катышмак.

Киптумдун артында эки баласы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан