Ошто чет элдик жаран 5,3 миллион сом уурдоого шектелип кармалды

Ошто ири суммадагы акча уурдоого шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Ош шаарынын соода маркеттеринин биринин ээси милицияга арыз менен кайрылган. Ал 29-январга караган түнү дүкөндүн ичинен белгисиз жаран 5 миллион 350 миң сом уурдап кеткенин айткан. Уурулук кылгандар экинчи кабаттын терезеси аркылуу киришип, экинчи кабаттан биринчи кабатка түшүү үчүн шыпты атайын каражаттар менен бузуп киришкен. Акчаны алган соң, кайрадан ушул жол менен изин жашырган.

Шектүү катары чет өлкөнүн жараны 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө учурунда ал Ош шаарындагы медициналык багыттагы жогорку окуу жайлардын биринде контракттын негизинде окуган С.Б. аттуу жаран экени аныкталган.

Ал жасаган кылмышын моюнуна алып, көрсөтмө берген. Анда аталган соода маркетинде сөзсүз акча болорун боолгоп, кылмыш жасоого даярданып жүргөндүгүн, алдын ала темир кесүүчү аппарат, беткап жана темир шаймандарды даярдап жүргөндүгүн айткан.

Шектүү каражатты долларга алмаштырып 37 миң 500 долларды мекенине которуп, 1 миң 600 долларды өзү билим алган медициналык университеттин окуу акысына төлөгөн. Калган 819 миң 460 сомун коротуп бүтө электе колго түшкөн.

Учурда шектүүнүн өз мекени менен байланыш түзүлүп, келтирилген чыгымдарды өз ордуна коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан