Акылбек Жапаровго Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун төрт варианты сунушталды

Бүгүн, 12-февралда Акылбек Жапаров Энергетика министрлигинде жыйын өткөрүп, анда Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жана модернизациялоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын ЖЭБин алдыдагы модернизациялоонун 4 вариантынын презентациясы сунушталды.

"ЖЭБдин энергоблокторунун учурдагы абалы физикалык эскирүү менен мүнөздөлүп, заманбап техникалык чечимдерди талап кылаары айтылды.

Презентацияны талкуулап жатып, Минкаб башчысы ЖЭБти модернизациялоодо атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтууга багытталган долбоорлорго көңүл буруу керектигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ал Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо тутумун децентрализациялоону эске алуу менен жергиликтүү ЖЭБтерди жана отканаларды курууну эске алуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров ар бир жеке долбоор боюнча экономикалык эсептөөлөрдү көрсөтүүнү тапшырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан