Жылнаама: 19-декабрь. Шабдан баатырды "Кокон хандыгынын талкаланышына" арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыккан

* 1749-жылы (264 жыл мурун) Кыргыздарды чабууга чыккан Егба Зайсандын башчылыгындагы калмактардын максаты ишке ашкан эмес.

1877-жылы (136 жыл мурун) Шабдан баатырды "Кокон хандыгынын талкаланышына" арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыккан. Түркстан Аскер округунун командачысы, генерал-адъютант фон Кауфман Шабдан баатырды "Кокон хандыгынын талкаланышына" арналган медаль менен сыйлоо туурасында буйрук чыгарган. Аскер округдун башкы командачысы Шабдан Жантаевдин кокондуктарга каршы күрөштөгү ролун айрыкча белгилеп, мындан ары да ал өкмөткө ак дилден кызмат өтөйт деген ишеним арткан.

1983-жылы (30 жыл мурун) Жюль Римэнин кубогунун оригиналы уурдалган. ФИФАнын эрежеси боюнча Жюль Римэнин кубогун 3 жолу жеңип алган өлкө ага түбөлүк ээлик кылуу укугуна ээ болот. 1970-жылы бразилиялыктар Жюль Римэнин кубогун 3-ирет жеңип, аны биротоло мекенине алып кетишкен. 1983-жылдын 20-декабрында каракчылар аны Бразилиянын Футбол федерациясынын имаратынан уурдап кетишкен. Бул кылмыштын бетин ачуу 3 жылдан ашуун убакытка созулуп, алтын кубоктун эритилип сатылгандыгы аныкталган. Учурда Бразилияда аталган сыйлыктын көчүрмөсү сакталуу.

* 1991-жылы (22 жыл мурун) Коммунисттик тарыхта акыркы ирет Кызыл Жылдыз ордени тапшырылган.   

1995-жылы (18 жыл мурун) ырчы Малика Дина төрөлгөн.

 

 

 

 

* 1997-жылы (16 жыл мурун) АКШда биринчи ирет “Титаник” тасмасы көрсөтүлгөн. Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллионго чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созулаарын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок, Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт. Анын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн. Ал эми АКШда биринчи ирет “Титаник” тасмасы 19-декабрда көрсөтүлгөн.

* 2009-жылы  (4 жыл мурун) Савант синдрому менен ооруган феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык Ким Пик каза тапкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта... 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан