Депутат Балбак Түлөбаев: "Тил билбеген башка улуттун өкүлдөрү эмне болот?"

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-февралдагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев болочок абитуриенттердин тагдырына тынчсызданды.

Ал Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдорго окууга тапшырууда кыргыз тилинен сынактан өтүү боюнча буйрук чыгарганы тууралуу маалымат пайда болгонун белгиледи.

"Бул кандай болду экен? Тил билбеген башка улуттун өкүлдөрү эмне болот? Министр же анын орун басары келип түшүндүрүп берсин. Ушул буйрук чынбы же калппы? Бизде башка улуттар бар. Алар кандай болот? башка экзамендерди тапшырып, бирок кыргыз тилинен өтө албай калса, ал студент болуп кабыл алынабы?" - деди эл өкүлү.

Буга чейин Билим берүү жана илим минстрлиги өлкөдө мындан ары жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-02-14 13:36:00
Кыргызстандын суусун ичип нанын жеп жаткандан кийин биздин тилди билиш керекго дейм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан