Эрулан Кокулов: "Соттук-медициналык эксперттердин оюндарына таң калам"

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Бишкекте тиш дарылатуу учурунда чарчап калган 3 жашар кыз боюнча маселе көтөрүп, күнөлүүлөр качан жоопко тартыларын сурады.

Ал эгер адам саламаттыкты сактоо мекемелеринде каза болсо маалымат бардык ЖМКларга чыгып, ызы-чуу болуп, бирок кийин иш жабылып калып жатканын айтты. Андан соң тиш дарылоо жайында каза болгон 3 жашар кыздын сүрөтүн президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго көрсөттү.

"Сүрөттө көрүнүп турат. Кыз чарчап калгандан кийин кыйноого алышкан. Колунда тактар, көкүрөгүндө күйүк бар. Бирок иш туура эмес каралып жатат. Мен аны билем. Ушундан арыла албай койдук. Тааныштар, достор баягы эле коррупция. Жок дегенде бир иштин аягына чыга албай койдук. Мен ушу соттук-медициналык эксперттердин оюндарына таң калам. Буга ким жооп берет?" - деди Кокулов.

Ошондой эле ал кыздын тишин дарылаган медициналык мекеменин лицензиясы жана жандандыруу бөлүмү жок болгонун айтты.

"Чарчап калган кызды өздөрү жандандырууга аракет кылышкан. Бирок жандардыруу бөлүмү жок болгон. Дарыгерлер аны жандандырууга аракет кылганы аз келсенсип, каза болгон кызды апасына таштап, качып кетишкен. Экспертизанын жыйынтыгы дагы кызык болуп жатат. Биринчи жана экинчи текшерүүлөрү эки бөлөк чыгып жатат. Биринчисинде дарыгерлер ооруканада дарыларды, анын ичинде кетоналды колдонушкан деп чыгыптыр. Экинчисинде таза болуп чыгып атат. Мындай болбойт. Эгер канга дары кирсе ал калат. Эгерде дары сайылбаса, эмне үчүн колунда тактар бар? Биз качан ушундай иштерди аягына чыгарабыз?", - деди эл өкүлү.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында депутат Камила Талиева тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар кызды дарылаган дарыгердин үй камагына чыгарылганына нааразычылыгын билдирген.

Эске салсак, былтыр 21-декабрда Бишкек шаарындагы стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калганы маалым болгон.

Маалыматка караганда, каза болгон наристенин атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барган.

Жакындарынын айтымында, алар наристеге "Севарон" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкен. Бирок ага ийне сайышкан, наристе ошол бойдон ойгонбой калган. Тишти тазалоодо бардык процедуранын баасы 106 миң сомду түзгөнү кабарланган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

Буга байланыштуу кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбаганга шектелип 31 жаштагы тиш дарыгери кармалган. Кийинчерээк дарыгер үй камагына чыккан.

Экспертизанын жыйынтыгында "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон.

 
Жогорку Кеңеш 15.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан