MBANК’ты толтуруу дагы да пайдалуу болду: кардарлар үчүн 100 000 сомдон жогору суммага алына турган 1% комиссия жокко чыгарылды.
"Кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну улантып жатабыз. Көпчүлүктүн суранычы менен төлөм жүргүзүүнүн бардык каналдарында 100 000 сомдон жогору суммага алынып турган 1 пайыз комиссияны жокко чыгардык. Бардык чыгымдар биз тараптан.
Кардарлардын ишеничин жогору баалайбыз жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну улантабыз", - деди MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү бюнча директору Марат Торалиев.
Бул чечим ААК "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН"|MBANK кардарлардын ыңгайы жана республикадагы накталай эмес төлөмдөрдү колдоо максатында 2024-жылдын 22-февралынан баштап күчүнө кирет.
MBANK — Биринчи санарип!