Бишкекте улгайган жарандарды телефон аркылуу алдап кеткен шылуундар кармалды

Бишкекте алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-17-февраль күндөрү шылуундардын тобу телефон аркылуу улгайып калган жарандарга чалып, алардын туугандары жол кырсыгына кабылганын айтышкан. Ишенимге кирген соң курьер аркылуу акча жиберүүнү суранышкан. Алдамчылар тургундардын жарым миллион сомдон ашык акча каражатын алууга үлгүрүшкөн.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топтун кеңсесинен ноутбуктар, уюлдук телефондор, сим-карта, флешка, банк карталары жана гашиш баңгизаты табылды. Колго түшкөн топтун курамында кошуна өлкөлөрдүн жарандары да бар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык жагдайларды жана кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Бишкекте шылуундар тобу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан