Кыз талашып... Базар-Коргондо айдоочулардын пикир келишпестиги атышууга чейин жетти (видео) 

Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 1996-жылы туулган Х.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылды. Ал 18-июнь саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган С.И. менен Бишкек–Ош автожолунун четинде турган. Ошол учурда бейтааныш эки бала кара түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа менен келишип, Деу Матиз үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган С. аттуу кызды талашышкан. Пикир келишпестик учурунда балдардын бири тапанча менен болжолду 20 жолу аткылап, тапанчанын арткы тарабы менен арыз ээсин башына урган. Анын кесепетинен башы жарылган. Натыйжада Деу Матиз унаасындагы жабырлануучулар аймактык ооруканага кайрылып, биринчи жардам алышты.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-аракеттердин негизинде Сузак районунун 1994-жылы туулган А.Р. жана 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

19.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан