Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Жарандык кодекси” менен “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмсатынан билдирди.
Мыйзам карызкорлордун мүлкүн сатуу жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизип, аны электрондук алып-сатууну ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Документти Жогорку Кеңеш 10-январда кабыл алган.
"Өзгөртүүлөргө ылайык электрондук формада өткөрүлүүчү сооданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү “Жарандык кодексинин” 408-беренесинде тактап белгиленет. Мындан сырткары “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамынын 16, 17, 18, 74, 78, 80-85-беренелери да өзгөртүлөт.
Ага ылайык, сот аткаруучу соттун чечимдерин аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануу укугуна ээ болот. Ал судья же башка кызмат адамы кол койгон актынын электрондук формада да ала баштайт. Муну үчүн документ чечим чыгарган аткаминердин электрондук кол тамгасы менен ырасталышы шарт.
Сот аткаруучу мындан тышкары жазаланган кишиден алынган же конфискацияланган мүлктөрдү ачык аукцион формасында сата алат. Мүлктүн аукциону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук соода аянтчасында бир күн бою өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Кабыл алынган мыйзам быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.