Бишкекте Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры ачылды

Бишкектеги Октябрь кинотеатрынын имараты Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрына колдонулууга берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты билдирди.
Билдиргендей, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын узак убакыттан бери өзүнүн имараты болгон эмес. Мындан улам борбордо жайгашкан мурдагы Октябрь кинотеатрынын имаратына ачылган.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Чүй облустук театрынын өлкө маданиятына кошкон салымы чоң экенин белгилеген.
“1941-жылы белгилүү сатирик Шаршен Термечиковго Эмгек сиңирген артист наамы ыйгарылган. Ал жалгыз адамдык театрдын жаратуучусу. Чүй облустук театры өлкөбүздүн театр искусствосунда жана маданият тармагында өзгөчө орунду ээлеп, чыгаан таланттарды тарбиялап келет. Бул театрда бир кезде эл артисттери Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каниметова, Марат Алышпаев иштешкен. Жаңы театрдын имараты чыгармачылык бийиктиктерди багындырууга жаңы дем, жаңы күч-кубат берсин. Театрга чоң ийгиликтерди каалайбыз”, - деген Жапаров.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы тартууланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан