"Баары алдыда". Рустам Ассакалов Акжол Махмудовдун жеңилиши боюнча үн катты

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Анталия шаарында түп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринин 1/8 финалында түркиялык балбанга утулуп калды.

Биринчи бөлүктө калыстар Акжол Махмудовдун пассивдүүлүгү үчүн түрк балбанына 1 упай берип, Махмудовду партерге койду. Андан түрк балбаны 2 упай алды.

Экинчи бөлүктө күрөш бирдей уланганы менен калыстар кайрадан эле кыргыз балбанына пассив берди.

Жыйынтыгында Акжол Махмудов атаандашына 1:5 эсебинде жеңилип калды.

Беттештен кийин залда отурган үч жолку Азия чемпиону, коңшу өзбекстандык Рустам Ассакалов калыстарга нааразычылыгын билдирди.

"Булар Түркияда гана беттешет, Акжол болсо Олимпиадага барат. Эмне үчүн түрк балбанына катары менен эки партер беришти? Биз Түркиядабыз да. Алар дайыма ушундай кылышат өздөрүнүн калыстарын коюшат, анан бүттү. Баары алдыда. Олимпиадада баары жакшы болот", - деди Асскалов түз эфирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан