UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Ислам Махачев уюмдун президенти Дана Уайтка ага атаандаш табуу өтүнүчү менен кайрылды.
"Дана Уайт, мен ачкамын. Мага бирөөнү берип курсагымды тойгузчу", - деп жазды орус мушкери.
Ислам Махачевдин эсебинде 25 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Акыркы беттешинде ал австралиялык Александр Волкановскийди техникалык нокаут менен жеңип алган.