Таласта Темике аттуу жарандын үйүнөн баңгизат менен мылтык табылды

Таласта баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине "Темике" аттуу киши баңгизат сатуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Талас ОИИБинин тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Темике" аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну С.Т. экени аныкталган.
Анын үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык марихуана баңгизаты жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан