Башкы прокуратура: "Сузактагы бала бакчанын жери жеке менчикке өтүп кеткен"

Жалал-Абадда бала бакчанын жери мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун прокуратурасы Сузак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы токтому менен "Шумкар" бала бакчасына тиешелүү 0,10 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган.
Мындан тышкары, жогорудагы айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жер ресурстары кызматынын райондук мекемеси тарабынан жер тилкеге мыйзамсыз түрдө мамлекеттик акт берилгени такталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары Сузак РИИБи тарабынан жүргүзүлөт.
Ал эми жеке менчикке укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз келтирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан