Журналист Сапар Акунбеков СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Соттон билдиришкендей, Сапар Акунбековдун баш коргоо чарасы каралып, сот аны 13-майга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Сапар Акунбеков жана дагы 10 журналист 16-январда камакка алынышкан. Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен айып тагылууда.