Ырчы Алихан акталды

Ырчы Алихан акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Жанат Гүлжигитов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Октябрь райондук сотунда ырчы Роза Аманованын Токтогул шаарындагы базарга байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча жазган арызы каралып, ырчы Алихан акталды. Бул иштин айынан Алихан алты айдан ашык СИЗОдо болуп, үй камагында болчу. Мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечим болду", - деп жазган ал.

Маалыматты Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан да тастыкташты. Алихандын апасы 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ага 50 миң сом айып салынды.

Эске салсак, Алихан менен апасы Бактыгүл Сейитбекова 2022-жылдын октябрь айында СИЗОго киргизилген.

2023-жылдын январь айында Алихан, февраль айында апасы үй камагына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан