Оштогу абактан качып кеткен жаран Бишкектен кармалды. Ал видеобайкоого түшүп калган

Бүгүн, 12-мартта Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынан издөөдө жүргөн жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош облусунун эмгек-түзөтүү мекемеси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча Өзгөн районунун тургуну Р.К. аттуу жаранга издөө жарыяланган.
"Борбор калаадагы коомдук жайларга жүзүн таануу системасы менен орнотулган видеобайкоо камералары анын издөөдө экенин аныктап берген. Мындан улам милиция кызматкерлери Р.К. аттуу жаранды кармап, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан