15-февраль күнү дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Кыздын жансыз денеси бүгүн, 18-мартта Чоң Чүй каналынан табылган. Милициянын маалыматына ылайык, жансыз дене өлүкканага жөнөтүлдү. Учурда бардык керек болгон экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.
15-февралга караган түнү Кант шаарында 19 жаштагы Асел дайынсыз жоголгон. Анын кийими, уюлдук телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган.