Жазуучу Олжобай Шакир камакта калтырылды

Бүгүн, 18-мартта жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү судья канааттандырган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, жазуучунун ишин Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бактияр Матраимов карай баштады.

Судья Бекболот Жаналиев башка сотко которулуп кеткендиктен иш жаңы судья менен кайра башынан териштириле баштады.

Эске салсак, Олжобай Шакир былтыр 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты билдирген.

24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы каралып, соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Эртеси күнү, тагыраагы 25-августта УКМК анын интернетке жарыялаган постторунан массалык баш аламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктар аныкталганын маалымдаган.

Анда Олжобай Шакирдин Фейсбук, ТикТок жана Ютуб баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган активдүү чакырыктарды жарыялап турганы айтылган.

Олжобай Шакир 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөрүп, онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.

Ал коюлган айыптарды четке кагып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан