Бишкекте уурулукка шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-мартта милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз адамдар Восток-5 кичи районунда жайгашкан батирине киришип, сейфтен 418 миң сомун уурдап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-бересине (Урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.