Иш-чара-маек ─ «Ишкер24» мобилдик тиркемесин бизнес менен биргелешип ишке киргизүү тренди

#GovFinTech #Ишкер24 #коллаборация

Борбор калаабызда бизнес жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишкерлер үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизүү боюнча «MEGA&РСК Банк» коллаборациясынын масштабдуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин видеокайрылуусу менен башталды. Президент салык реформасын өлкөнүн, коомубуздун өнүгүшүнө салым кошуу жана жаратуучу демилге катары кабыл алуунун жана түшүнүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.


«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев белгилегендей, санариптик чечим өлкө башчысынын демилгеси боюнча «MEGA&РСК Банк» коллаборациясынын GovFinTech ресурстарында түзүлүүдө.


«Ишкер24» бизнес өкүлдөрүнүн, ишкерлерибиздин жаңы салык мыйзамдарына системалуу жана ыңгайлуу өтүү боюнча сунуштарынын негизинде ишке ашырылмакчы. 2024-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда соода ишмердүүлүгү үчүн патентти жокко чыгаруу маселеси каралууда. Ошондуктан жалпы «Ишкер24» мобилдик тиркемебизди тесттен өткөрүүгө, өркүндөтүүгө чакан жана орто бизнести чакырабыз. Бул салык режимине оңой өтүүгө, ал эми келечекте мамлекеттик органдарга барбай туруп, өз бизнесиңиздин жашоосунун бардык циклдерин толугу менен онлайн башкарууга мүмкүндүк берет".

Иш-чарага өлкөнүн бизнес ассоциацияларынын, базарлар ассоциацияларынын өкүлдөрү, ишкерлер жана активисттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


«Альфа Телеком» ЖАКтын (MEGA) башкы директору Айбек Куренкеев: "Биз өлкөбүздүн Президентинин тапшырмасы жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен РСК Банк менен кызматташууда, ишкердин убарасын азайткан мобилдик тиркемени иштеп чыгууну максат кылганбыз, аны сыноо режиминде ийгиликтүү баштадык. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты – «Ишкер24» тиркемесинин бет ачары жана дал ушул тиркеменин 1.0 версиясы боюнча пикирлерди чогултуу, ошону менен бирге мобилдик тиркеменин мындан аркы версияларын ишке киргизүү планын бизнес менен биргеликте актуалдаштыруу. Жарандарды, кардарларды угуу жана ынануу санариптик өнүмдөрдү түзүүдө эң натыйжалуу курал болуп саналат. Ушул максатта биз бүткүл өлкө боюнча санариптик билимдердин «Ишкер24.окуу» масштабдуу кербенин өткөрдүк, анда окутуудан кийин ишкерлердин бардык каалоолорун уктук. Кербендин жыйынтыгы боюнча бардык аймактар боюнча оң динамиканы жана жарандардын аракеттешүүнүн ыңгайлуу санариптик форматына өтүүсүнө жана биздин компаниялардын мобилдик-каржылык кызмат көрсөтүүлөрүнө даярдык көрдүк".


Мастер майнд сессиясынын алкагында катышуучулар бир сааттын ичинде чечимдердин версияларын биргелешип моделдештирүү ─ "Ишкер24" тиркемесин өркүндөтүү боюнча сунуштар жана каалоолор менен алмашышты. Ошондой эле салык реформасы боюнча да көп маселелер болду. КР МСКнын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев белгилегендей, Жаңы Салык мыйзамдарын түшүндүрүү менен дагы бир катар аянтчалар пландаштырылууда.


Иш-чара – маектин жыйынтыктары боюнча 2024-жылдын 1-июлуна карата тиркеменин кошумча модулдарын ишке киргизүү планы менен пайдаланууну жакшыртуунун тизмеси түзүлдү, «Ишкер24» тиркемесинин базасы болгон МСКнын, "Түндүк" МИнин, "Инфоком" МИнин маалыматтык системаларынын ишинин сапатын жогорулатуу пландаштырылды.


Өлкөнүн трансформацияга болгон саясий багытына байланыштуу, биринчи MEGA&РСК Банктын GovFinTech коллаборациясы өзүнө өлкөнүн санариптик трансформациясынын алдыңкы өткөргүчтөрү болуу социалдык миссияны алды. Ар бир компания өзүнчө, ошондой эле КРда GovFinTech секторунун ишке киришүүсүнүн алкагында өзгөрүүлөрдүн масштабдуу процесстерин тездетүүгө өзүнүн салымын кошууда. Ошол эле учурда санариптик чечимдерди ишке киргизүү менен гана чектелбестен, калктын (айрыкча ишкерлердин) санариптик сабаттуулугун жогорулатуу да жүрүүдө.

Аны менен бирге санариптик технологияларды колдонууга басым жасоо менен коомдун заманбап ой жүгүртүүсүн жана көз карашын моделдөө процессине, «мамлекет-коом» байланышсыз өз ара аракеттенүүнүн жаңы парадигмасына салым кошуу», - деп белгиледи MEGA & РСК Банктын кызматташуусунун Долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин-Байло.


! Патенттин жокко чыгарылышын 1-июлга чейин күтпөңүз. Азыр МСКга барбай туруп, кезек күтпөстөн жана МСКнын маалымат системаларына «Ишкер24» тиркемесине өтүү. Анткени, мыйзамдарга ылайык, жеке ишкерди каттоого 3 жумушчу күн талап кылынат. 1-июлга чейин, сиз маалыматтарды туура киргизсеңиз, бул процесс бир күнгө эле созулат!


Маанилүү! Кирешеси 15 млн сомго чейинки жеке ишкерлер үчүн «Ишкер24» аркылуу катталганда - 0 салык, 0 отчет, ККМ/ТКМ (Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрү гана).


Мобилдик тиркеме боюнча бардык толук маалымат жана колдонууну үйрөтүүчү ролик - www.ishker24.kg, пикир чогултуу линиялары:
* Бирдиктүү кыска номер – *2400
• WhatsApp – (+996) 755 002 400
* МСК байланыш борбору – 116.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан