"Крокустагы" терактан каза болгондордун саны 93 адамга жетти

Москва шаарындагы терактан каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Орусиянын Тергөө комитетинен билдирди.

Ага ылайык, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Соңку маалыматтарга караганда, учурда ок атуудан жабыркагандардын саны 121 киши болсо, алардын 107си ооруканага жаткырылган. Арасында жаш балдар да бар.

Буга чейин бул кандуу окуянын кесепетинен үч жаш бала каза болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарда, өлүм аткылоодон жана өрттөн чыккан истен болгону да айтылды.

Ал арада Москванын кан тапшыруу борборунда жана аймактарындагы ооруканаларда кан тапшырууну каалагандардын саны күчөдү. Дарыгерлер донорлдорду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ашып кеткендиктен аларды кийинки күндөрү келүүнү суранып, жөнөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан