Москвадагы "Крокус Сити" борборунда теракт уюштурууга шектүүлөр отурган делген ак түстөгү Renault унаасын Брянск облусунан аткылап токтотушкан. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу полиция кызматкерлери тосконуна карабай качкан. Куугунтук учурунда ок атылып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада террорист делген бир адам ошол жерден кармалып, калгандары токойго качып кетишкен.
Көп өтпөй экинчи шектүү табылып, кармалган.
Renault унаасынан «ПМ» тапанчасы, АКМ автоматынын магазини жана Тажикстандын жарандарынын паспорттору табылганы айтылды.