"Крокус Сити Холлдогу" терактка шектелип кармалгандардын сурактагы видеосун Маргарита Симоньян жарыялады. Аны менен жергиликтүү басылмалар бөлүшүүдө.
Ага ылайык, Москва шаарында кандуу окуяны жасаган террорчулардын бири Орусияга Түркиядан 4-мартта учуп келгенин айтып, адамдарды өлтүрүү үчүн ага жарым миллион рубль сунушталганын мойнуна алды. Ага белгисиз адамдар Telegram аркылуу байланышка чыгып, залдагы адамдардын баарын өлтүрүү тапшырмасын бергенин кошумчалады.
Жарыяланган видеодо террорчу өзүнүн аты-жөнүн Фариддун Шамсутдинге окшош ат менен тааныштырып, 1998-жылдын 17-сентябрында туулганын айткан.
Ошондой эле Симоньян бул кол салууга тиешеси бар делген дагы бир кишинин сурактагы видеосун жарыялады. Кармалган адам орус тилин билбегендиктен котормочу аркылуу тажик тилинде суралган.
Анын айтымында, ал чоң жолдун боюндагы жатаканада Мухамад аттуу адам менен жашап, терактка 10-12 күн калганда Telegram аркылуу Абдулла аттуу адам менен таанышкан. Ал эми Абдулла болсо таксист болуп иштөө үчүн жакындарынан унаа сатып алган.