Москвадагы теракт: 24-март өлкөдө Аза күтүү күнү деп жарыяланды

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта аталган өлкөнүн президенти Владимир Путин Москвадагы терактыдан кийин элге кайрылуу учурунда билдирди.

Ал өз сөзүндө жабыркаган үй-бүлөлөргө керектүү жардам бериле турганын билдирди. Ошондой эле куралдуу кол салууда жакынын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Мындан сырткары адамдардын өмүрүн сактап калууга салымын кошкон Тез жардам кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирди.

Путин террорчулар сөзсүз жазасын ала турганын баса белгиледи.

Эске салсак, Моквадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт кечээ, 22-марттын кечинде орун алган.

Анын кесепетинен каза болгондордун саны 143кө жетти.

Терактыга байланыштуу 11 адам кармалганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан