"Крокустагы" терактта элди куткарган кыргызстандык өспүрүм Орусияда сыйланат (видео)

Кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, 15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барган.

"Кыргызстандык бала “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген. Теракт учурунда ал 100дөн ашуун адамды кызматтык эшик аркылуу коопсуз жайга чыгарып кеткен. Кыргында өзүн эмес, өзгөнү ойлоп элди эвакуация кылган кыргыз баласына социалдык тармактарда алкыштар айтылууда", - деп айтылат маалыматта.

Бул кылган эрдиги үчүн Ислам Халилов Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыгына татыды. Равиль Гайнутдин өспүрүмгө Орусиянын мусулмандарынын “Эмгектеги эмгеги үчүн” медалын келе жаткан жумада тапшырат.

Мындан тышкары, Орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Исламга 1 миллион рубль сыйлык бергенин жарыялады.

Эске салсак, Ислам Халилов Орусияда баатырдык көрсөткөн экинчи кыргызстандык болуп калды. Буга чейин да кыргыз жараны Марат Исаев 2016-жылдын февралында Москванын "Красносельская" метросунун станциясында рельске кулап кеткен аялды куткарган. Өз өмүрүн тобокелге салган Маратты Орусиянын президенти Владимир Путин кабыл алып, аны "Өлүмдөн куткарып калгандыгы үчүн" медалы менен сыйлаган.


"Крокустагы" терактта элди куткарган кыргызстандык өспүрүм
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан