Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик залындагы терактка шектелген төрт адам тең соттун чечими менен СИЗОго жөнөтүлдү.
Дүйшөмбүгө караган түнү Басман соту бул кылмышка айыпталгандар: Далержон Мирзоев (32 жашта), Муродали Рачабализода (30 жашта), Шамсидин Фаридуни (25 жашта) жана Мухаммадсобир Файзовду (19 жашта) 22-майга чейин камакка алды.
Тергөөнүн өтүнүчү менен төрт отурум тең жабык эшик артында өттү. Алар сотто күнөөлөрүн моюнуна алышкан. Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.