Москвадагы "Крокус Сити Холлго" кол салган террорчулар мурда айтылгандай ар бири эмес, бардыгы биригип 500 миң рубль алышмак. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.
Буга чейин шектүүлөрдүн бири Шамсидин Фаридуни кармалгандан кийин дароо сурак учурунда 500 миң рубль өлчөмүндө гонорар убадаланганын билдирген. Бирок бул сумма ар бир адамга эмес, баарына берилмек экени белгилүү болгон.
Кармалгандардын банк картасына акчанын жарымы - 250 миң рубль которулган.
Басылманын маектеши террордук чабуулга даярдануу тууралуу маалыматты да ачыктады. Анын айтымында, айыпталуучулардын экөө Түркияда жүргөндө көрсөтмө алышкан, калган экөө Орусиянын аймагынан алынып келинген.