"Крокустагы" теракт: Эрдик көрсөткөндөр Мамлекеттик Думага чакырылат. Арасында Ислам Халилов дагы бар

Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын үй-бүлөнү коргоо комитетинин башчысы Нина Останина өзүнүн телеграм каналында "Крокустагы" теракт учурунда адамдарды сактап калган жаш жигиттерди Мамлекеттик Думага чакыруу уюштурулуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул каармандардын арасында Артем Донсков, София Майер, Никита Иванов жана Ислам Халиловдор бар.

"Жакынкы арада биз сөзсүз түрдө бардык эр жүрөк балдарды жана кыздарды ата-энелери менен бирге Мамлекеттик Думанын Үй-бүлөнү коргоо комитетине чакырабыз", - деп белгиледи Останина.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган.

15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан