Өзбекстанда кримтөбөл катары белгилүү болгон Салим Абдувалиев 6 жылга кесилди

Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, "Салимбай" каймана аты менен таанымал Салим Абдувалиев 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул туралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өкүм Ташкенттин Мирабад райондук соту тарабынан 19-мартта чыккан.

Салим Абдувалиевге Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү) менен айып тагылган. Ал эми "Аткезчилик" боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Салим Абдувалиевдин кармалганы тууралуу маалымат былтыр декабрда белгилүү болгон. Ал Өзбекстанда "көчө бандаларынын" жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо учурда кармалган.

Салим Абдувалиев 1950-жылы туулган, мурда соттолгон эмес. 2017-жылдын январь айынан бери Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана Күрөш ассоциациясынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстандагы кримавторитет катары белгилүү болгон Салим Абдувалиевге өз колу менен кат жазганын айтып, катты окуп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан