АКШ 6 айда миллиондон ашык мигрант кармалганын билдирди

2023-жылдын октябрь айынан бери АКШнын түштүк чек арасында болжол менен 1 миллион мигрант кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Чек ара кызматынын башчысы Жейсон Оуэнс билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Оуэнстин айтымында, мындай кырдаал улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда.

"Бул чоң көрсөткүч, мындан сырткары качып кетүүгө 140 миң адам үлгүргөн. Бул биз билген учурлар", - деп кошумчалаган Оуэнс. Ал эми эксперттердин айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Буга чейин Evening Telegram басылмасы АКШнын Жогорку соту Техас штатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн мигранттарды кармоо укугун берген жаңы мыйзам киргизүүнү колдогон.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары АКШга борбор азиялыктардын чек араны мыйзамсыз кесип өткөн учурлары көп катталууда. Былтыр күз айларында 200 миндей адамдын Мексиканын чек арасында Америкага өтө албай топтолуп турганы кабарланган.

Ал эми 21-февралда Fоx News телеканалы октябрдан бери АКШ-Мексика чек арасындагы "Сан-Исидро" өткөрмө бекетинен Кыргызстандын 400 жараны АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын маалымдаган. Телеканал аталган чек ара постунан Түркиянын 6100, Мавритания жана Өзбекстандын 2500, Орусиянын 850 жана Тажикстандын 500 жараны мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын да билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан