Өзбекстанда балдардын дарыга массалык уулануусу: Сот ишкананын лицензиясын токтотту

Өзбекстанда "Антиструмин" дарысын чыгарган Samo фармацевтикалык компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Фармацевтикалык продукциянын коопсуздугу борбору билдиргенин өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, аталган борбор ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, Samo ишканасы "мыйзамды одоно бузган" деп таап, компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган.

"Калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө үчүн Зангиата райондор аралык экономикалык сотуна акыркы чечим чыкканга чейин лицензияны токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган. Сот Samo ишканасынын дары-дармек чыгарууга берилген лицензиясын убактылуу токтотту",- деп айтылат маалыматта.

Samo ишканасы былтыр "Антиструмин" (калий йодиди) дарысын чыгарган компания катары белгилүү болгон. Кийинчерээк Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги эч кандай тендерсиз аталган компаниядан 3,55 миллион таңгак "Антиструмин" дарысын сатып алганы аныкталган. Сатып алуунун жалпы суммасы 1,8 миллион долларды түзгөн.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-сентябрында Өзбекстандын бала бакчаларында жана мектептеринде "Антиструминди" колдонуу менен йоддоштуруу программасы ишке киргизилген. Көп өтпөй өлкөнүн ар кайсы аймактарынан программага катышкан балдардын ууланганы белгилүү болгон. Жабыр тарткандардын саны 600дөн ашкан.

Бул боюнча аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч кызматкери кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан