Жылнаама: 20-декабрь. Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган.

1699-жылы (314 жыл мурун) Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган.    

 

 

*  1938-жылы (75 жыл мурун) СССРде эмгек китепчелери колдонула баштаган.   

* 1954-жылы (59 жыл мурун) Кыргызстандын биринчи академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу аземи болуп өткөн. Кыргызстандын биринчи академиктери шайлоо жолу эмес, аныктоо ыкмасы менен жогорку илимий наамды алышкан. Илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлар жогорку илимий наам үчүн 100 талапкер Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен талапкерлер арасынан 13 академик жана 14 мүчө-корреспондент аныкталган. Илимдер Академиясынын салтантаттуу жыйынында, илим докторлору - Иса Ахунбаев, Игорь Батманов, Анна Волкова, Бегимаалы Жамгырчинов, Иван Дружинин, Николай Захаров, Евдокия Розова, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев жана илим кандидаттары - Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз ССРинин Эл акыны Аалы Токомбаевдерге академиктик наам тапшырылган.

1980-жылы (33 жыл мурун) Футболчу Эшли Коул туулган. Англия курама командасынын оюнчусу, айтылуу "Челси" клубунун коргоочусу  Эшли Коул Лондон шаарында төрөлүп-өскөн.     

* 2000-жылы (13 жыл мурун) Улуу Британиянын парламенти клондоого уруксат берип, бирок медициналык максат менен гана чектелерин айткан.     

* 2007-жылы (6 жыл мурун) Феликс Кулов башында турган өкмөт мүчөлөрү толугу менен отставкага кеткен. "Жаңы Конституция менен иштейли" деп Феликс Кулов башында турган өкмөт мүчөлөрү толугу менен отставкага кеткен.         


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан