"Крокустагы" теракт: Орусия кыргыз кыздарын каза болгондордун тизмесине кошту

Кечээ, 26-мартта Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокустагы" окуяда жоголгон эки кыргызстандык кызды каза тапкандардын болжолдуу тизмесине киргизди. Бул тууралуу аталган министрлик расмий сайтында жарыялады.

Тизмеден Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жогорудагы жарандардын каза болгондугу тууралуу маалыматты айтууга эрте деген билдирүү таратты.

"Кыргызстандын эки жаранынын каза болгондугу тууралуу маалымат берүү эрте деп саналат. Орусиянын ӨКМнын сайтында жарыяланган тизме генетикалык экспертиза аяктай элек жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин камтыйт. ДНК изилдөөнүн жыйынтыгы даяр боло элек",- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда "Крокустагы" кафеде иштеген эки кыргызстандыктын жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Анда кыздардын 20 жана 24 жашта экени айтылган.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде куралчан белгисиз адамдар Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында адамдарга кол салышкан. Ошондой эле имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Ал эми теракт жасоого айыпталып 8 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан